super.kg logo

Бишкекте эркек кишини 18 миң долларга алдап кеткен 29 жаштагы кыз кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 29 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, милицияга арыз менен кайрылган жаран эки чала тааныш аялга чара көрүүнү суранган. Анда анын алтындарын сатып беребиз деп алып кетип, кайра кайтарбай койгонун айткан. Ал эми шектүүлөр алтындарды ломбардга коюп, изин жашырган. Келтирилген чыгым 18 миң 525 долларды түзгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ушул жылдын 23-майында издөө жарыяланган. 30-августта 1993-жылы туулган шектүү кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Учурда анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу иликтенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: