super.kg logo

Ошто таанышын дары бери уктатып, тоноп кеткен аял кармалды

 

Ошто уурулукка шектелген 1962-жылы туулган аял кармалды. Ал чала таанышынын үйүнө конокко барып, ага дары берип уктатып тоноп кеткен. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кабарлангандай, шектүү мурда бир нече ирет алдамчылык жана уурулук жасагандыгы үчүн соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөгөн.

"Ушул жылдын 3-июль күнү Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүндө жашаган улгайган аял менен таанышып, анын ишенимине кирип, үйүнө барган. Анын үйүндө конокто отуруп, үй ээсинин ден соолугуна пайдалуу экендигин айтып 3 даана белгисиз дары берген. Натыйжада ал дарыларды ичип эс-учун жоготкон. Шектүү кырдаалдан пайдаланып, жабырлануучуга таандык болгон 60 миӊ сомду алып качып кеткен", - деп айтылат билдирүүдө.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Р.Х. аттуу жаран 30-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин 15 күнгө абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: