super.kg logo

О! Мобилдик оператору Кыргызстандын мыкты салык тѳлѳѳчүлѳрүнүн катарына кирди

 

Мамлекеттик салык кызматы ѳлкѳнүн эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата мыкты салык тѳлѳѳчүлѳрдү аныктады. Алардын катарында «НУР Телеком» ЖЧК да бар.

О! Мобилдик оператору 2021-жыл жана 2022-жылдын 7 айы боюнча ѳлкѳнүн экономикасын ѳнүктүрүүгѳ кошкон салымы, бюджеттин киреше бѳлүгүн түзүүгѳ активдүү катышуусу, салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаруусу үчүн кезектеги сыйлыкка ээ болду. Мыкты салык тѳлѳѳчүлѳрдү аныктоо – бул бюджеттин киреше бѳлүгүн толуктоого маанилүү салым кошкон жана республиканын салык мыйзамдарын жоопкерчиликтүү сактап келген ишкерлердин жогорку эмгегинин мамлекет тарабынан таанылуусу. 2021-жылы мамлекеттик казынага тѳлѳнгѳн салыктардын суммасы 3 миллиард сомдон ашса, 2022-жылдын 7 айында – эки миллиард сомго жеткен.

О! – ири иш берүүчүлѳрдүн бири, ѳлкѳнүн бюджетти пайда кылуучу компаниясы. Буларды дагы бир ардактуу сыйлык далилдей алды. 13 жылдык ишмердүүлүгүндѳ О! ишенимдүү ѳсүү темптерин кѳрсѳтүүдѳ. Ар бир О! абоненти жѳн гана телефон аркылуу сүйлѳшүү менен Кыргызстандын ѳнүгүүсүнѳ жеке салымын кошуп жатканы менен сыймыктанса болот.

«О! түйүнүнүн лидерлиги – түйүндү ѳркүндѳтүү үчүн кѳп жылдык ири инвестициялардын натыйжасы. Бул кардарлардын, бүтүндѳй жамааттын эмгеги. «Кыргызстандын мыкты салык тѳлѳѳчүсү» ардактуу наамы – биздин сыймыгыбыз, ошол эле учурда чоӊ жоопкерчилик. Мындан ары дагы кыргызстандыктарды байланыш менен камсыз кылууну уланта бермекчибиз», – деп белгиледи операциялык ишмердүүлүк боюнча директор Алла Опариенко.

О! түйүнүн оператор катары тандоо менен кыргызстандыктар компаниянын ар бир сомдон түшкѳн каражаттын салык түрүндѳ ачык-айкын мамлекеттик бюджетке ѳткѳрүлүп жатканына ишенсе болот. Ѳз кезегинде бул социалдык-экономикалык чѳйрѳгѳ, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акыларына, чарбанын түрдүү багыттарына, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына, инфраструктурага жана башка мамлекеттик муктаждыктарга жакшы таасирин тийгизүүдѳ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: