super.kg logo

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

 

Кыргызстанда браконьердик жол менен жасалган кылмыштар мыйзам боюнча катуу жазаланарын милиция эскертет.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, айрым жарандарыбыз өздөрүнө пайда көрүү максатында Ысык-Көлдөн мыйзамсыз балык уулоону улантышууда. Бул мыйзамсыз көрүнүштөргө күрөштү күчөтүү жана браконьерлердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында облустук милиция тарабынан ыкчам-профилактикалык иш-чаралар такай жүргүзүлүп келүүдө.

"1-сентябрда милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулоо учурунда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 49 жаштагы тургуну Б.А. кармалып, андан 36 даана Чебак балыгы, тор жана сууда сүзүүчү катамаран алынган.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталып, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн чогултулган материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

Мындан сырткары мыйзамсыз кармалган балыктарды сатуунун алдын алуу максатында сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аларга браконьердик жол менен кармалган балыктарды сатуу үчүн мыйзамда каралган жоопкерчиликтер тууралуу маалымат берилди", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: