Пакистанда табигый кырсыктын кесепетинен азык-түлүк тартыштыгы жаралууда
Пакистанда узак убакыт нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкыны орун алып, эгин талаалар, дыйканчылык аймактар жабыр тартты. Мындан улам өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы пайда болду. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф чет элдик журналисттерге берген маегинде билдирген.
Маалыматта айтылгандай, азык-түлүк тартыштыгын жоюу үчүн Пакистан күрүч, картошка, буудай уну, пияз, помидор жана башка азыктарды импорт аркылуу чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Орусиядан да алууну пландап жатат.
Белгилей кетсек, Пакистандын аймагында 14-июндан бери тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен 1003 адам каза болуп, 1527 адам жаракат алган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен 3451,5 чакырым жолго зыян келип, 149 көпүрө ураган. Андан тышкары 949 миң 800 турак үй жараксыз абалга келип, 719 миң 500 баш мал өлгөн.
Пакистан бийлиги өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизип, кошуна өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан жардам сураганы жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.