super.kg logo

Нурсултан Назарбаев президенттик шайлоого катыша алабы? Казакстандын Юстиция министрлигинин жообу

 

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев быйыл күзүндө мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу Казакстандын юстиция министринин орун басары Алма Муканова билдиргенин Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Казакстанда Конституциянын азыркы нормасына ылайык, президент катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт. Бирок буга чейин биринчи президенттин макамы жөнүндөгү мыйзамда Назарбаевге көп жолу шайланууга мүмкүнчүлүк берген жобо бар болчу.

"Республикалык референдумда кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, Конституциядан эки жолудан ашык катары менен президент болуп шайлануу талабы биринчи президентке тиешелүү эмес деген жобо алып салынды", - деген Муканова.

Бул Нурсултан Назарбаев алдыдагы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоодо мамлекет башчылыгына өз талапкерлигин көрсөтө албайт дегенди билдирет.

Кечээ, 1-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө элине кайрылуусунда быйыл күзүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөрүн жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: