super.kg logo

Чет өлкөлүк жарандын акчасын уурдап кеткен адам эки жылдан кийин кармалды (видео)

 

Бишкектин "Ош базарында" чет өлкөлүк жарандын акчасын уурдап кеткен шектүү кармалды. Маалыматты SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя мындан эки жыл мурун декабрь айында орун алган. Анда белгисиз адамдар сумканын ичинен 100 миң сом, 500 доллар, 200 евро жана 120 000 теңгени уурдап кетишкен.

Аталган факты Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда видео көзөмөлдөн сыя түстөгү күрмөчөн шектүү адамды байкашкан. Анын аты-жөнүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар дагы көрүлгөн.

Шектүү катары Нарын облусунун тургуну К.М. аттуу жаран кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар дагы бир жаранды кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатат. Иликтөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: