super.kg logo
  Саясат  

Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна ачылган эсеп 1 420 586 сомду түздү

 

Ош шаардык мэриясынын экономика жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Чыныбек Тойчиевдин маалыматына ылайык, Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөнүн курулушуна ачылган эсепке түшкөн акча  каражаты бүгүнкү күнгө карата 1 420 586 сомду түздү. Аталган көпүрөнүн курулушуна акыркылардан болуп шаардагы балдар бакчасы жана мектеп кызматкерлери бир күндүк маянасын которушкан. Учурда ачылган эсепке башка уюм, мекеме, ишкана жана чет жактагы мекендештерден каражаттарды которуу улантылууда. 

“Ош шаардык мэриясына көпүрөнүн курулушуна акча каражатын которуу процессин билүүгө көпчүлүк жарандар кайрылышууда жана каражаттарын которушууда. Түшкөн акча каражаты эсепте тургандыктан, азырынча иштетиле элек. Эстакада көпүрөсүнүн курулушуна кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджет аркылуу каржыланууда”, - дейт Чыныбек Тойчиев. 

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: