super.kg logo

"Ынтымак" паркта ырдап бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова тартылган Малаховдун берүүсү бүгүн көрсөтүлөт

 

Бишкектин "Ынтымак" сейил багында ырдап, бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Москва шаарында орусиялык белгилүү теле алып баруучу Андрей Малахов менен жолугушуп, атайын "Привет, Андрей" телеберүүсүнө тартылган.

Бегимай Турусбекова тартылган "Привет, Андрей" телеберүүсү бүгүн, 4-сентябрда саат 21:00дө “Россия-1” (РТР) телеканалынан көрсөтүлөт.

Ал 15-июлда "Привет, Андрей" берүүсүнө тартыларын SUPER.KG порталына билдирген.

Буга чейин Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу орусиялык "Привет, Андрей" телеберүүсү сюжет жасаган. Тартуучу топ Казарманга чейин барышкан. Ошондой эле келинди Москвага чакырышкан.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган.

Эртеси эле ал Бегимай Турусбекова аттуу айым экени белгилүү болуп, SUPER.KG порталына маек берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: