super.kg logo

Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө 1-декабрга чейин тыюу салынды

 

Бишкектин борборунда нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 1-декабрга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусиянын элчилигинин имараттарынын жанында, "Ала-Тоо" аянтында, президенттин иш башкармалыгынын жана УКМКнын имаратынын жанында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө 1-декабарга чейин чектөө коюлду.

Жарандар чогулуштарды жана митингдерди Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Горький сейил багында өткөрсө болот.

Буга чейин 1-сентябрга чейин Бишкектин борборунда митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган. Анда Биринчи Май райондук акимиаты мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамды жетекчиликке алуу максатында митингдерди өткөрүү жайларын убактылуу чектөө боюнча райондук сотко кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: