super.kg logo

Министрлик Кыргызстанда кыздарды сүннөткө отургузууга тыюу салынганын эскертти

 

Кыргызстанда кыздарды сүннөткө отургузууга тыюу салынган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин билдирүүсүндө, мындай операцияларга жол берилбеши керектиги айтылат. Анткени бул кадам кыз-келиндерди майып кылып коёт.

"Ошондой эле бул кыздардын укуктарын бузуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Анын кесепеттери: инфекциялар, сепсис, заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары, айыздын азаюусу, кисталар, тукумсуздук жана төрөттүн татаалдашы. Мындай көрүнүштөр өз учурунда өлүм коркунучун жогорулатат.

Буга чейин социалдык тармактарда кыздарды сүннөткө отургузуу учуру болгондугу тууралуу айтылып, тиешелүү мекемелерге чара көрүү талаптары коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.09.2022. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне деген жапайычылык?Соо баланы майыпка айлантып ,кыргыздар эмне эле болуп бара жатабыз.Диндин да чеги бар ,озунорду колго алгыла.А дегенде эле аялдардын укугун тебелебей.Саны бар,сапаты жок молдо кобойду,ошо менен тендеш эле аял кишиге зомбулук,жаш балдарды зордуктоо кобойду.(Сураныч динден билими барлар минус баспай откуло,оз оюмду жазган укугум бар,башкалардын дааватына муктаж эмесмин)
06.09.2022. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ислам дини ата бабаларыбыз тутунуп келген эң туура жана таза дин.Биздин динде кыз баланы сүннөткө олтургузуу деген нерсе жок.Мусулмансыңбы өз диниң тууралуу көбүрөөк билгенге аракет кыл.Жаман нерсеге динди шылтоо кылба?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: