Канадада эки жаран 10 адамды бычактап өлтүрүштү
Канаданын борбордук Саскачеван провинциясында бир нече кол салуудан кеминде 10 адам каза болуп, дагы 15и бычактан жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта айтылгандай, учурда кол салгандарды издөө иштери жүрүп жатат. Алар кол салган жабырлануучулар 13 жерден табылган.
Жергиликтүү полиция кызматы кол салгандардын аты-жөнүн жарыялаган. Алар 31 жаштагы Дэмиен Сандерсон жана 30 жаштагы Майлз Сандерсон. Алар тууган экени белгисиз, азырынча жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы айтылат маалыматта. Ошондой эле бул аймакка өзгөчө абал режими киргизилди.
Ал эми жабырлануучуларга жардам көрсөтүү үчүн 2 ыкчам медициналык борбор ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.