Канат Садыков: “Жыл сайын жогорку окуу жайына тапшырган абитуриенттердин саны кыскарууда”
Бүгүн, 5-декабрдагы маалымат жыйында Билим
берүү жана илим министри Канат Садыков билим берүү тармагында аткарылган иштерге токтолуп өттү.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Кыргызстанда жыл сайын өлкөнүн
жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттердин саны кыскарууда” деп билдирди.
“Биздин өлкөдө тандоо жана кабыл алуу жалпы республикалык тесттин негизинде
жүргүзүлөт. Чектик баллды топтой албай калган абитуриенттердин саны өсүп, тапшыргандардын
саны кыскарууда”,- деди ал.
Анын айтымында, мындай көрүнүш окутуунун сапатын жакшыртууга да шарт түзөт. Быйылкы окуу жылында республиканын ЖОЖдоруна гранттык
окутууга 5 421 студент кабыл алынып, 284 орун толбой калган. Жалпысынан
жогорку окуу жайларына келишимдик негизде кабыл алуу планы 49 пайызга аткарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

