super.kg logo

Баткен ОИИБи: "Кадамжайда өлтүрүлгөн окуучу кыздын окуясына милиция кызматкерлеринин тиешеси жок" (Шектүүлөрдүн сүрөттөрү)

 

Кадамжайда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси жок. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

"Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана социалдык тармактардын колдонуучулары! Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө", - деп жазылат билдирүүдө.

"Иштин тергелишинин жүрүшү боюнча коомчулукка кошумча маалыматтар берилип турат. Баарыңыздардан бирден-бир сураныч. Такталган маалыматтарга гана комментарий жазсаңыздар. Айрым жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милиция кызматкери бар экен деп да жазып жатышат. Ыйгарым түрдө айтабыз. Кылмышка шектүү кармалгандардын арасында милиция кызматкери жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Тергөөнү ыкчам жана акыйкат тергелишин Баткен ОИИБинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды", - дейт Баткен облустук ички иштер башкармалыгы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.09.2022. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенип койгула коюп жиберет! Кадамжайдын милициясы жизнь иштеген эмес! Талаадан сумкада , жпс сааты мн ымыркай табылда аягына чыккан жок! Неужели иштерине так болуп тапкан нандарын актап жебейсинер(. Ушундай иштерди аягына чыгарып катуу чара корулсо калгандарына сабак болотда! Олтуруп атып кордоп атып ойлоно тушот! Ата энеси акчасын туйуп сотко барат ал актап коет. Негизи мындай зоокурлорду коомдон жок эле кылып салуусу кк! Ата энегеда жакшылык кылбайт бул балдар!
06.09.2022. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орунбайга ишенишип Бахавидиндер наркотик сатып журсо кайдагы таза тергоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: