super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Асман" шаары сөзсүз курулат"

 

“Асман” шаары сөзсүз курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоордун концепциясы талкууланган жыйында билдиргенин министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жапаров курулуш иштерин алгач болжол менен 20 миң адамга эсептелген шаарчадан баштоо керек экенин айткан.

"Асман" долбоору президенттин тапшырмасы менен ишке ашырылууда, андыктан ал курулат! Ал жакта элдин ден соолугун чыңдоо жана туристтерди тартуу үчүн жайы-кышы тийиштүү шарт болуу зарыл", - дейт Акылбек жапаров.

Жыйында “Асман экологиялык таза шаары” долбоорунун үч концепциясы талкууланды. Аларды Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети, Долбоорлоо илимий-изилдөө институтунун Ысык-Көл филиалы жана “Кыргызреставрация” ишканасы даярдашкан.

Былтыр жайында президенттин администрациясы Ысык-Көлдө “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаардын башында Тору-Айгыр айылына түшөрү айтылса, бирок быйыл май айында шаар түшчү аймак өзгөргөнү белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: