super.kg logo

Акылбек Жапаров MegaCom компаниясынын 5G технологиясына арналган тесттик павильонуна барды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров MegaCom компаниясынын 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды.

5-сентябрдын алдында, «Альфа Телеком» жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты.

Dordoi Plaza 2 оюн-зоок соода борборунда жайгашкан тесттик шоурумга барган министрлер кабинетинин башчысы павильондо санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.

Акылбек Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган түйүндүн каптоосун жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл», – деп белгилеп өттү Жапаров.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары 5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт жана мамлекеттик кызматтарды, ошондой эле бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет деп белгилейт.

Белгилей кетсек, 5G технологиясына арналган көргөзмө Dordoi Plaza 2 оюн-зоок соода борборунда 2022-жылдын сентябрь айынын аягына чейин уланат. MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору каалоочуларды көргөзмө такталарды көрүп, бешинчи муундагы түйүндүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: