"Тазалык" ишканасы Бишкекте таштанды челектерин жууп-тазалоону улантууда
"Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор шаарыбыздагы таштанды челектерин жана аянтчаларды жууп-тазалоону улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.
Билдирүүдө айтылгандай, 150гө жакын таштанды салынуучу челек жана 25тен ашык таштанды аянтчалары жуулду. Жууп-тазалоо иштерине 3 бирдик атайын техника жана 10 кызматкер тартылган.
Шаарыбыздын Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев, Фрунзе, Жибек Жолу, Сүйүмбаев, Осмонкул, Гоголь, Үсөнбаев, Линейная көчөлөрүндө жууп-тазалоо жүргүзүлдү. Челектерди жана аянтчаларды кайталап жууп-тазалоо графикке ылайык бардык көчөлөрдө жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















