super.kg logo

Муфтият Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуучу кыздын жакындарына көңүл айтты

 

Өлкөдөгү мечиттерде зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баткен облусунун Кадамжай районундагы өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыймандын жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эмгек жамааты Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну, маркум бир тууганыбыздын ата-энесине жана тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп билдиришти Муфтияттан.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: