super.kg logo

"Өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн...". Кадамжайдагы кыздын өлүмү боюнча Башкы прокуратуранын билдирүүсү

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды өлтүрүп, зордуктоого шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, мындай чечимди Кадамжай райондук соту чыгарган.

Прокуратура айыпталуучуларды эки айга камакка алууну суранып, тергөө судьясы өтүнүчтү канааттандырган. Шектүүлөрдүн үчөө тең Ош шаарындагы 5-СИЗОго киргизилген. Айыпталуучулар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылды.

Тиешелүү кызмат бул кылмыш иши башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалайт.

4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Холмион айыл аймагынын Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде кыздын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган.

Кыздын сөөгү 5-сентябрда жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.09.2022. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге салып беришпейби, эл өзү билмек эмне кылышты. Өмүр бою деп койушат, чыгышат эртең эле, бизде мыйзам иштебейт.
07.09.2022. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет бакпашы керек мындайларды. Кыйналып олсун ата энесинин көзүнчө өрттөп салуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: