Сузакта асфальт-бетон заводунун иши токтотулду
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы асфальт-бетон заводунун иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен маалымдашты.Билдирүүгө ылайык, 6-сентябрда айылга жакын жайгашкан асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат интернет айдыңында чыккан.
"Аталган асфальт-бетон заводу Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жердеги өнөр жай зонасында жайгашкан. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалына карайт. Текшерүүнүн жүрүшүндө инспекторлор түтүн кармоочу конструкциянын бузулушун аныкташкан.
Жыйынтыгында министрликтин өкүлдөрү газды чыпкалоочу фильтрлерди орнотуу боюнча буйрук жөнөтүлүп, заводдун иши токтотулган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















