super.kg logo

Депутат Нурлан Шакиев Адахан Мадумаровго: "Сиздин жоопкерчилик каралганда парламент сактап калды эле го"

 

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев сөз сүйлөп, парламент алсыз деп айткандарга кошулбай турганын билдирди.

"Жогоруда сөз болду, парламентте эрксиздер отурат деген. Мен айтат элем, мен бул сөзгө макул эмесмин. Анткени ар ким өз пикирин айтууга бул жерде толук укугу бар. Ушул жерде отурган 90 депутат тең сын айткан колунан келет. Бирок акты ак, караны кара деп айтуу ар биринин эле колунан келе бербейт. Азыр бардык жерде негатив көбөйдү. Мен айтат элем баары өзүбүздөн.

Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, "эмне айтса ошону кыласыңар" деп жатасыз. Ушул жерде сиздин жоопкерчилик каралганда мына биз, парламент, сизди сактап калдык эле го, эркти көргөздүк эле го. Сиз эмнеге аны байкабайсыз. Сиз менин аброюма шек келтирип жатасыз. Мен депутатмын. Мен укугумду тебелетпейм, мен президентке, өкмөткө сынды, оюмду айтып келем. Менин позициям бар. Парламент бизде баары бар. Ошону туура пайдаланалы", - деди Нурлан Шакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.09.2022. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтат
07.09.2022. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан аваны президент кылып шайласан да эртең кайра сени жаман акылы жок деп айтса таң калуунун кереги жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: