super.kg logo

"Кирүү баасы 200 сом, майыптар үчүн бекер". Бишкектеги №5 муниципалдык мончосу иштеп баштады (сүрөттөр)

 
Бүгүн, 7-сентябрда борбордогу “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын №5 муниципалдык мончосу реконструкциялоодон кийин пайдаланууга берилди.
Аталган ишкананын директору Жамалбек Ырысалиев коомдук мончо иштеп баштаганын белгилеп, андагы жабдуулар менен тааныштырды.
"Белгилүү болгондой, кыш мезгилинде калаабызда ыш маселеси жаралат. Муну чечүү максатында атайын Түркиянын “Мимсан” заводунан 32 даана отказан сатып алынды. Бул отказандар көмүр менен иштеген отказандарга алмаштырылгандан тышкары, шаарыбыздагы жаңы салынып жаткан мектептерге да коюлат.
Буга чейин №5 мончо косметикалык (актоо, сырдоо) негизде гана оңдолуп келсе, быйыл капиталдык негизде, масштабдуу түрдө оңдоп-түзөөдөн өттү. Ден соолукка пайдалуу туз менен курчалган атайын бууканалар ачылды. Ошондой эле имараттын ички жана тышкы фасады жаңыртылды.
Бул коомдук мончо үч айда оңдоп-түзөөдөн өттү. Мончо саат 8:00дөн 22:00гө чейин иштейт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү саат 7:00дө башталат. Мончого кирүү баасы 200 сомду түзөт, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бекер", - дейт ал.
Ошондой эле ал мончонун кызматкерлери үчүн демөөрчүлөрдүн көмөгү менен кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилгенин кошумчалады.
Мындан тышкары ишкананын дубалына манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү түшүрүлгөн мурал пайда болду. Мончонун ачылыш аземи манас айтуу менен башталып, ага экс-депутаттар жана мончо сүйүүчүлөрү келишкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: