super.kg logo
  Саясат  

Акаев парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү демилгеледи

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликтин тең салмактуулугу сакталышы үчүн парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү демилгеледи.

Жыйында педофилдерге өлүм жазасын киргизүү сунушталган, мындан улам айрым эл өкүлдөрү ал үчүн Башмыйзамды өзгөртүү жана референдум өткөрүү керектигин айтышты. Акаев ага кошуп бийликти тең бөлүшүүнү дагы кароо керектигин кошумчалады.

Ал Баш мыйзам өзгөртүлгөндөн кийин аткаруу бийлиги парламентти тоготпой жаткандай түр көрсөтүп жатканын байкала баштаганын билдирди.

"Мурда парламент өкмөттүн отчётун кабыл албай, бюджеттин аткарылышын жактырбай койсо толугу менен отставкага кеткенге аргасыз болчу. Азыр андай эмес. Эгер өлүм жазасын киргизүү боюнча референдумга бара турган болсок, бийликти тең бөлүшүбүз керек. Парламенттин ролун ошол жерде күчөтүшүбүз зарыл, тең салмактуу бийлик кылалы. Парламент, президент, аткаруу бийлиги бирдей болсун. Өкмөт азыр парламенттин чечимдерин аткарбай койсо дагы, эч нерсе кыла албайбыз. Үч бийлик бутагы бирдей болуп, бири-бирин көзөмөлдөп, атаандаштыктын негизинде адилеттүү башкаруу системасын курушубуз керек",- деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизүү адилеттүү болобу деп суроо салып, түрмөлөрдө канчалаган адамдар бейкүнөө жаткандыгын мисал келтирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: