super.kg logo

"50дөн 6 миң 600 сомго чейин...". Төө-Ашуудагы тоннелден өтүүгө акы төлөө сунушталууда

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек - Ош унаа жолундагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсү үчүн акы алууну пландоодо.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Төлөм Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелди талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн киргизилет. Каражат автоматташтырылган система же өткөрүү пунктары аркылуу алынышы мүмкүн. Акы унаалардын көлөмүнө жараша алынат. Мындан тышкары тоннелдерден өткөн жергиликтүү номердеги унаалар өзүнчө, чет элдик унаалар башка суммадагы каражат төлөйт.

Ага ылайык, айдоочулардан болжол менен 50 сомдон 6 миң 600 сомго чейин акы алуу пландалып жатат.

Төмөндө министрлик сунуштап жаткан баалар:

- Жеңил унаалар үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 50 сом, чет элдик номерлүү унааларга 5 доллар;

- Кичи автобус жана жүк ташуучу унаа (3 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 100 сом, чет элдик номерлүү унааларга 10 доллар;

- 22 орундуу автобус жана жүк ташуучу унаа (3 тоннадан жогору жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 150 сом, чет элдик номерлүү унааларга 20 доллар;

- 22ден 32 орундуу автобус жана жүк ташуучу унаа (10 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 300 сом, чет элдик номерлүү унааларга 40 доллар;

- 32 орундан жогорку автобус жана жүк ташуучу унаа (25 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 350 сом, чет элдик номерлүү унааларга 60 доллар;

- Жүк ташуучу унаа (25 тоннадан жогору жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 400 сом, чет элдик номерлүү унааларга 80 доллар (болжол менен 6 миң 600 сом).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.09.2022. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде орук как алмак кургады ошолордуу жепсин
07.09.2022. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунтан эле алып жургон баалар го. Мен орус номерлуу унаа менен 350 сом толоп отчумун
07.09.2022. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө эле кымбат!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: