super.kg logo

Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин жыйыны өтөт

 

Эртең, 8-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Кыргызстан, Азербейжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын министрликтеринин делегациялары катышат. Мындан тышкары КМШ мамлекеттер аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун жана КМШнын террорчулукка каршы борборунун өкүлдөрү да келери айтылды.

Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программалардын аткарылышы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу маселелери каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: