super.kg logo
  Спорт  

"Ак шумкарлар" Орусия менен 24-сентябрда ойнойт. Оюн Бишкекте өтөт

 

Футбол боюнча Орусия улуттук курама командасы Кыргызстан жана Иран курама командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Орусиянын футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Орусиянын жолдоштук беттеши 24-сентябрь күнү Бишкекте өтөт. Ал эми Иран менен Орусиянын ортосундагы жолдоштук беттеш ноябрь айына белгиленген.

Кыргыз футболдук союзу бул боюнча маалымат бере элек.

Орусиянын курама командасы жана орус клубдары эл аралык турнирлерден четтетилген. Акыркы беттешин Орусия курамасы 2021-жылдын ноябрь айында Дүйнө чемпиондугуна тандоодогу Хорватия курамасына каршы өткөргөн (0:1).

Кыргызстандын улуттук курама командасы акыркы беттешин Азия Кубогуна тандоо этабынын алкагында ушул жылдын июнь айынын ортосунда өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: