super.kg logo

Эмне үчүн эксперттер 5G технологиясын жашыл IT-технологиясы деп аташат?

 

Кыргызстанда О! түйүнүнүн базасында алгачкы 5G тесттери кыялдануулардын ишке ашуусуна өбөлгө түзүүдө. Бешинчи муундагы технологиянын уникалдуу касиеттери буюмдар интернети, жасалма интеллект, медицина, айыл чарба, акылдуу шаар, өнөр жай, энергетика, билим берүү, бизнес жааттарында ири потенциалды ачууга жардам берет.

  • 5 Гбит/с чейинки ылдамдык;
  • 2 эсе жогору энергиялык натыйжалуулук;
  • Туташылган түзүлүштөрдүн жалпы санынын көбөйүшү.

Мунун баары келечекте интеллектуалдык технологиялар колдонулган чөйрөлөрдөгү чыгымдарды азайтууга жардам бере алмакчы. Эксперттер 5G технологиясы айлана-чөйрөнү жана элдин саламаттыгын жакшыртууда, ресурстарды үнөмдөөдө, өндүрүш натыйжалуулугун жогорулатууда, демек, өндүрүлгөн продукциялардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын айтууда. Кыргызстан үчүн бул абдан актуалдуу.

Энергияны үнөмдөө

Көпчүлүк үчүн аралыктан иштөө реалдуулукка айланган пандемия учурунда файлдарды сактоо максатында булут системасына өтүү ишканалардын энергияны керектөө көлөмүн кыйла азайтканы маалым.

Парник газдарынын чыгындыларынын азайтылышы

Күнүмдүк жумуш процесстери аз көмүртектүү технологиялардын жардамы аркылуу автоматташтырылып, натыйжада парник газдарынын чыгындылары да азаят. Бул болсо, өз кезегинде, климатка жакшы таасир этет. Глобалдуу изилдөөлөрдүн натыйжалары 5G технологиясы аркылуу 2030-жылга карата парник газдарынын чыгындыларынын 1,7 миллиард тоннадан ашык көлөмдө азая турганын көрсөтүүдө.

О! түйүнүндѳгү 5G жаӊылыктары менен компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: