super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министри: "Чет элден келгендер Кыргызстандан татыктуу билим алып кетиши керек"

 

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына аккредитация жана лицензия боюнча талапты күчөтүү керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

"Жогорку окуу жайларына аккредитация жана лицензия боюнча талапты күчөтүү керек. Биз чет элден келгендер Кыргызстандан татыктуу билим алып кетишине умтулушубуз керек. Биз аларга шарт түзүп, аккредитация, лицензия боюнча талапты күчөтүшүбүз зарыл.

Экинчиден, алар инвестиция алып келди. Алар бизге эптеп эле келип окуп кетпеши керек. Ал жерде сапат болушу керек, биз ушуга көңүл бурабыз", - деди Гүлнара Батырова.

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.

Белгилей кетсек, Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Ал буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо боюнча комиссиясын жетектеген жана президент тарабынан сунушталып, БШКнын мүчөсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: