super.kg logo

Челябинскте Кыргыз жараны үй-бүлөсү менен жол кырсыгына кабылды

 

Орусиянын Челябинск облусунун Златоуст шаарынын аймагында Кыргыз жараны башкарып бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында ТИМдин мааалыматында жазылат.

Ага ылайык, кырсык кечээ, 7-сентябрда орун алган. Анда Кыргыз жараны башкарып бара жаткан Рено Логан үлгүсүндөгү унаа Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Кырсыктан жаракат алган 6 адам Кыргыз жарандары, тагыраагы бир үй-бүлө (ата-энеси жана 4 баласы) мүчөлөрү болгон. Жеңил унаанын айдоочусу Урфа шаарынын аэропортунан Оштон учуп барган жубайын жана балдарын тосуп, Нижневартовск шаарын көздөй бара жаткан.

"Жаракат алган Кыргыз жарандары "Тез жардам" кызматы менен Златоуст шаардык ооруканасына жеткирилген. Кечээ 12 жаштагы кызына операция жасалды. Абалы оор. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалдары канааттандырарлык. Алар аталган оорукананын травматология бөлүмүндө.

Окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө", - деп жазылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: