super.kg logo
  Саясат  

"Алтынбы же балмуздакпы?" Мирлан Самыйкожо Сабыр Жапаровдун сүрөтү боюнча маалымат берүүнү суранды

 

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекет башчынын агасы Сабыр Жапаровдун сүрөтү боюнча президенттик администрацияны маалымат берүүгө чакырды.

Эл арасында алтын уурдалып жатат, башка болду деген өңдүү ар кандай сөздөр чыгып жатат. Ушул боюнча президенттин аппараты маалымат берип койбойбу. Чын эле алтынбы же балмуздакпы? Бул нерселер боюнча бүтүндөй эл ызы-чуу болууда. Маалымат берилип, ар кандай нерселерге бөгөт коюлушу керек. Муну аппарат көзөмөлгө алып элге жана Жогорку Кеңешке да келип так маалымат берип койсо жакшы болот эле”,- деди ал.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта өлкө башчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын куйма кармап турган сүрөтү талкуу жаратууда. Президенттин маалымат катчысы бул сүрөт эски экенин айтып, кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: