super.kg logo

"30 миң сомдук зер буюмун талап кылган". Бишкекте кайгуул кызматкери пара менен кармалды

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын кызматкери пара менен кармалганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек шаардык прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте милициянын кайгуул кызматкери А.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү кызматка Г.С. аттуу жаран патрулдук милиция кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Анда жарандын жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зер буюм талап кылганы жазылган. Анын баасы 30 миң сомду түзгөн.

Учурда Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция башкармалынын полкунун взвод башчысы А.Б. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу такталып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: