super.kg logo

Педофилдерди бычып салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов педофилдерге хирургиялык кастрацияны киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Автор педофилдер өлүм жазасына татыктуу экендигин, бирок өлкөнүн баш мыйзамында өлүм жазасына тыюу салынганын жана Конституцияга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү бир топко созулгандыктан бүгүнкү күндөгү тез арада чара көрүүнү талап кылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн 18 жашка чыга элек балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга жоопкерчиликти күчөтүү максатында мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын билдирет. Ошондой эле расмий статистика чындыкты толук чагылдырбай турганын жана мындай кылмыштардын санынын олуттуу өсүшү чечкиндүү чараларды көрүп, зордукчуларга жазаны катаалдаштырууну талап кылаарын белгилейт.

Ал атайын дарыларды берүү, ийне саюу аркылуу жасалган химиялык кастрация натыйжасыз жана бюджетке да зыян келтирет деп эсептейт. Андыктан педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салууну сунуштаган. Ошондой эле хирургиялык кастрация психикалык жактан оорулуу адамдарга колдонулбай тургандыгын, эксперттик комиссия акыл-эси жайында эмес деген корутунду чыгарып берген жарандар эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын кошумчалаган.

Учурдагы мыйзамдарда 14 жашка чыга элек баланы зордуктоо жана сексуалдык зомбулук үчүн 15 жылга эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Эл өкүлү бул мөөнөттү 20 жылга чейин көбөйтүүнү же өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.09.2022. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бычып салса эле тынып калышат беле, баары бир ан сезими бузулган адам катары коомго зыяны тийет, коркунучтуу
09.09.2022. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда да чекеден жинди болуп чыга калышат,жоопкерчиликтен кутулуш учун.
09.09.2022. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жиндисин дагы чогуу бычыш керек.Ал ишти соо адам кылбайт.
09.09.2022. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда да жолун табышат,пулдуунун баарына жинди деген докумен сатышат да жабылат баары.Олум жазасы киргизилсин.
11.09.2022. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өлүм жазасы деген мыйзам болбойт андай болсо баягыл эле карапайым элдин баласы подстава болуп эле өлүп кете бериши мүмкүн. А бул бычып салуу мыйзамы деле чеке жылытарлык эмес анда да акчалуулар акча берип акыл ээси жайында эмес деген справкасын алып албайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: