super.kg logo

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак-жай курулат

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мурдагы №47 түзөтүү колониясынын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жапаров белгилегендей, №47 түзөтүү колониясын башка жакка көчүрүүнүн негизги себеби болуп түзөтүү мекемелерине карата заманбап талаптарга жооп бербеген эскирген имараттары, ошондой эле мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыгы саналат, бул коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат.

Акылбек Жапаров 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак-жай комплексинин бир нече долбоорлору менен таанышты. 8 жарым гектар аянтты ээлеген №47 колониянын ордуна көп батирлүү социалдык турак-жай комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыккан. Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген социалдык турак-жайлар камтылган.

«Келерки жылдан тартып бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат», — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле 5 жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелерин борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: