Сокулукта 15 жаштагы Азиза Галжигитова изделүүдө
Сокулук районунда дайынсыз болуп 15 жаштагы Азиза Галжигитова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз 5-сентябрда болжол менен саат 13:30да үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: Бою 155-160 сантимтер, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара.
Кийими: Ак түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым, кара спорттук бут кийим.
Милиция Азиза Галжигитованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 0312 60-75-67, 0313 45-33-80, 0558 86-14-86 номерлерине кайрылууну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















