super.kg logo

"Азия MIX" командасынын мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Чет элдик ишкердин ишенимине кирип, анын акчасын алып алгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы таратты.

Кармалгандар Д.М. жана С.А. аттуу кыргыз жарандары. Алардын бири "Азия MIX" командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев (Маратик) экенин жергиликтүү басылмалар жазууда.

Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Орусиянын жаранынын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Берген убадаларын аткарбаганы аз келгенсип, орус жаранынын жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.

Сотко чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө Д.М.С. жана С.А.К. кылган ишин моюнуна алышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






Чет элдик ишкерди коркутуп, акчасын алып алгандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: