super.kg logo

"Ата-энемди тааныбайм". Таласта каза болгон маркумдун аты-жөнү такталбай жатат (абайлаңыз сүрөт)

 

Таласта жансыз денеси табылган Тагдыр аттуу жарандын аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү Кара-Буура аймактык ооруканасынан билдирүү келип түшкөн. Анда 1985-жылы туулган Тагдыр аттуу жарандын жансыз денеси ооруканага жеткирилгени кабарланган. Бул факты боюнча Кара-Буура РИИБинин ыкчам тергөө тобу маркум жашаган мал сарайга кароо жүргүзгөн.

"2022-жылдын 4-сентябрь күнү маркумдун денесине сырткы кароо жүргүзүлүп, эч кандай зордук-зомбулуктун​ белгилери аныкталган эмес. Маркум​ болжол менен 35-42 жаш курагында. Ал малчы болуп​ 2019-жылдын күз мезгилинен бери ​ жалданып иштеп жүргөн. ​"Мен Кудайдын баласымын, ата-энемди тааныбайм, көргөн дагы эмесмин" деп айтып жүргөн", - деп жазылат маалыматта.

Маркумдун аты-жөнүн тактоо максатында тиешелүү органдарга багыттамалар жөнөтүлгөн. Учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Аймактык милиция сүрөттөгү адамды тааныган же билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат: Байланыш телефону: 0707848884, 0552848984, 0778 434 302 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: