super.kg logo

Тышкы иштер министри Елизавета II’нин элесине арналган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II’нин элесине арналган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, министр Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, көңүл айтуу китебине жазуу калтыруу менен ханышанын элесин эскерди.

“Улуу даражалуу ханыша Елизавета II’нин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтам. Ата Мекенге, элге жана анын таламдарына жан аябастык менен кызмат кылуу, Улуу Британиянын жыргалчылыгы үчүн жан аябас күрөшүү – планеталык масштабдагы бул көрүнүктүү инсандын көптөгөн айырмалоочу белгилеринин бири болгон. Ханыша Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына берилгендиктин жана өз элине кам көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет”, - деп жазылган эскерүүдө.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет Жээнбек Кулубаевге элчиликке көңүл айтууга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: