super.kg logo

Ошто комуз күнү белгиленип, 150 комузчу "Маш ботой" күүсүн чертти

 

Ош шаарында Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, маданият ишмерлери, шаардык маданият башкармалыгынын, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын, "Келечек" балдар чыгармачылык үйүнүн музыкалык жамааттары, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн эмгек сиңирген комузчулар, ошондой эле ОшМУ, ОшМПУнун искусство факультеттеринин студенттери, шаардын балдар музыкалык мектептеринин окуучулары аткарышты. Күүнү жалпы 150 комузчу чертти.

Вице-мэр Венера Рыскулова жалпы чогулгандарды Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан Комуз күнү менен куттуктап, окуунун мыктыларына жана эмгек сиңирген мугалимдерге комуз тартуулаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: