super.kg logo
  Саясат  

Барак Обамага iPhone көтөрүүгө тыюу салынды

 
АКШ президенти Барак Обама Американын коопсуздук кызматтары iPhone колдонууга тыюу салышканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккан.
Маалыматка караганда, атайын кызматтын адамдары аталган аппараттын электрондук каракчыларга каршы коргонуу мүмкүнчүлүгү төмөнүрөөк болгондон улам президентке iPhone көтөрүүгө уруксат беришкен эмес. Мындай билдирүүнү Барак Обама Ак үйдөгү жыйында тараткан. Ошондой эле президент Саша жана Малия аттуу кыздары көп убактысын Apple компаниясынын смартфондорун колдоноорун кошумчалаган.
Азыркы тапта Барак Обама Blackberry үлгүсүндөгү телефон көтөрөт. Бул байланыш каражаты абдан көп татаалдыктарды жаратып жатканын президент өз сөзүндө белгилеп өттү. Ал телефондун коопсуздук системдеринин күчтүүлүгүнөн улам катардагы адамдар менен дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу баарлаша албай жатканын кабарлады.
 Ошондой эле Обама менен иштегендер президенттин электрондук почтасы жогорку кызматтагы адамдардын жана досторунун гана каттарын кабыл аларын маалымдаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: