super.kg logo

Кадамжайда окуучу кыздын зордукталып өлтүрүлүшү: Төртүнчү шектүү кармалды

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда 9-класстын окуучусун өлтүрүүгө шектелип төртүнчү адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 8-сентябрында жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.

Бүгүн, 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган өспүрүмгө карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде кыздын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган.

Кыздын сөөгү 5-сентябрда жерге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.09.2022. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми ушул баланын мойнуна куноону асып ,3 зордукчул суудан курук чыкпасале.Олгондун озунун шору ,бечара кызга кандай гана кордук корсотушподукен .Биздин сотторго эч качан ишенбейм,закон бир гана соттун кызы зордукталса иштеши мумкун бизде.Ага чейин жалан гана пулдуунун закону ойнойт го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: