super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар айлыгын көбөйтүп, фонддогу акчасын эки эсе жогорулатканы айтылууда

 

Жогорку Кеңештин депутаттары өз фондуна каралган каражатты эки эсе көбөйтүү жана маянасын жогорулатуу чечимин кабыл алгандыгын өздүк булактарына таянуу менен айрым ЖМКлар жазып чыгышты.

Азыркы тапта аймактарга баруудагы чыгымдарга деп ар бир депутаттын фондуна 40 миң сомдон берилет. Андагы маалыматка ылайык, аны мындан ары 80 миң сомго көтөрүү чечими кабыл алынды. Эл өкүлдөрү маяналарын дагы жогорулатууну чечишкени, бирок суммасы азырынча белгисиз экендиги айтылат. Мындай чечим 7-сентябрда жабык эшик артында жыйында каралган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бул туурасында азырынча маалымат бериле электигин айтты. Эл өкүлү Жанар Акаев жабык эшик артында өткөн жыйынга катышпаганын билдирди, ал эми башка депутаттардан маалыматты тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Иш күндөрү кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин төрагасы 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом маяна (оклад) алат. Мындан сырткары иш тажрыйбасына, класстык чинине жараша дагы кошулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: