super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бакиевдин сүрөтү тартылган беткап кийип, “Андижан полькасын” бийледи

 
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Андижан полькасын” БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында бийлеп жатат
БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү
Укук коргоочу кезектеги акциясына даярдык көрүп жатат
Милиция кызматкерлери аны менен сүйлөшүүгө аракет жасашты эле бирок, укук коргоочу пикетин уланта берди
Курманбек Бакиевдин сүрөтүн актай баракка чыгарып алыптыр
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Андижан полькасын” бийлеп жаткан учуру
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Андижан полькасын” бийлеп жаткан учуру
Колундагы уюлдук телефондон музыка чыгып турду
Жолдон өтүп бара жатышкан шаар тургундары укук коргоочуга таң кала карап жатышты
Бир аздан соң акцияга Калин Төрөгелдиев келип кошулду
Ошентип эки адам БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында Бакиевди кайтарып келүү талабы менен пикет өткөрүштү

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн алдында пикет өткөздү. Анда ал Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү талабын коюп, экс-президенттин сүрөтү тартылган беткап кийип, “Андижан полькасын” бийледи. 

“Мындан үч жыл мурун оор кылмыш жасап, азыр эч нерсе болбогондой Минск шаарында тайраңдап жашап жүргөн Бакиевге эмне үчүн БУУнун кызматкерлери экстрадициялоо маселесин козгошпойт?! Алар эң сонун билишет, Бакиев кандай кылмышка жоопкер экендигин мен буга чейин да ушул эле  талап менен бир нече жолу акцияларды өткөргөм. Кат аркылуу да кайрылгам,  бирок бир да жооп жок”,- деди  укук коргоочу.






Бүгүн, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бакиевдин сүрөтү тартылган беткап кийип, “Андижан полькасын” бийледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: