Ханзаадалар Уильям менен Гарри жубайлары менен Виндзордо эл алдына чыгышты













Ханзаада Уильям жана ханзаада Гарри жубайлары Кейт Миддлтон жана Меган Маркл менен Виндзордо эл алдына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылган.
Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын падышасы Карл III`нүн уулдары жубайлары менен бирге Виндзор сепилинин алдына чогулган эл менен учурашып, коомчулуктан келген көңүл айтуу баракчаларын жана гүлдөрдү карап чыгышты. Кейт Миддлтон жана Меган Марклга адамдар бир нече букет гүл тапшырышты.
Бул бир туугандардын 2020-жылдын 9-мартындагы Шериктештик күнүнөн бери биринчи жолу эл алдына чогуу чыгышы.
Белгилей кетсек, 8-сентябрда Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.