Дүйнө чемпиондугу: Махмудов жеңишти ири эсепте алдырып ийди
Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында кыргызстандык балбан Бексултан Махмудов (97 кг) армениялык балбан Артур Алексанянга 0:9 эсебинде жеңилип калды.
Буга чейин Махмудов америкалык Брэкстон Амосту 5:2 эсебинде жеңсе, биринчи айлампада польшалык балбан Тадеуш Михаликке акыркы ыкма жасап (1:1) жеңишке жетишкен.
Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.