super.kg logo
  Саясат  

Жаңы мыйзамга кол коюлса, Ош менен Бишкектин мэрлерин шайлоого президент кийлигише албайт

 

Кечээ, 4-декабрда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов өз арызы менен кызматтан кетсе, бүгүн Ош шаарынын милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов кызматтан бошотулду. Учурда эки шаарды убактылуу вице-мэрлер башкарып турат. Өмүрбек Текебаев демилгелеген “Ош жана Бишкек шаарларынын статусу жөнүндө” мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынып, президентке кол коюуга жиберилген. Ага кол коюлса, Ош менен Бишкектин мэри жаңы тартипте шайланат. Тактап айтканда, мындай:

Мэрликке талапкерди өкмөт башчы же шаардык кеңештеги фракциялар сунуштап, шаардык кеңештеги көпчүлүк депутаттардын добушун алган талапкер шаар башчысы болуп шайланат.

Ал эми учурдагы мыйзам боюнча мэрлик кызматка талапкерди президент көрсөтүп, шаардык кеңеш шайлайт. Өмүрбек Текебаев буга чейин “эгер президент мэрлик орунга талапкер көрсөтсө, анда “өзүнө ыңгайлуу кадрды сунуштады” деген саяктуу ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн. Талапкерди шаардык кеңештин депутаттары өздөрү тандап алышы керек",- деген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: