super.kg logo
  Спорт  

"Реванш алдым". Акжол Махмудов жеңишинен кийин алгачкы маегин берди

 

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан Акжол Махмудов алгачкы маегин берди. Анда ал бардык колдогондорго ыраазычылыгын билдирип, жеңишин кыргыз элине арнагандыгын айтты.

"Мен элим үчүн биринчи алтын медалды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума адбан кубанычтамын. Бул жеңишти кыргыз элиме, Кыргызстанга арнайм. Мени колдогон үй-бүлөмө, машыктыруучуларыма жана жолдошторума рахмат. Машыктыруучуларсыз бул жеңишке жетүү мүмкүн эмес болчу. Мен кыргыз күрөш мектебин эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөткүм келген жана көрсөттүм. Реванш алдым", - деп айтты ал.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарындагы Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов венгриялык балбанды жеңип алды. Муну менен ал Кыргыз курамасына алгачкы алтын медалды алып келди.

Ошондой эле Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: