super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу: Үч кыргыз балбанынын коло байге утууга мүмкүнчүлүгү бар. Кимдер?

 

Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда үч кыргыз балбаны коло байгеге күрөшүү үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Дүйнө чемпиондугуна 63 килограмм салмакта катышкан Тынар Шаршенбеков көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Эрбату Туо аттуу балбан менен күрөшөт. Эгерде аны жеңсе, коло байге үчүн ирандык Али Неджати аттуу балбан менен күч сынашат.

67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттеште Хансу Рую аттуу түштүк кореялык балбан менен күрөшөт. Эгерде аны жеңсе, коло байге үчүн грузиялык Жони Хецуриани менен кез келет.

Ошондой эле көңүл жубатуучу беттешке Бексултан Махмудов дагы чыгат. Анын атаандашы түркиялык Метехан Басар аттуу балбан болот. Кыргыз балбаны аны жеңе турган болсо, коло байге үчүн ирандык Мохаммадхади Сарави аттуу балбан менен кез келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: