Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады
Президент Садыр Жапаровдун 11-12-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы:
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 36 кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды;
- Эски жатакана имаратын чек арачылардын 70 үй-бүлөсү үчүн көп батирлүү үй кылып реконструкциялоонун долбоору менен таанышып, имаратты сапаттуу капиталдык оңдоого жана чек арачылардын үй-бүлөлөрүн ыңгайлуу, заманбап батирлер менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат кароону тапшырды;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын башкармалыгынын имаратынын реконструкциялоо иштери менен таанышты;
- «Кыргызнефтегаз» ААК жылдыгын жана мунай газ тармагында эмгектенгендердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты;
- 12-сентябрда «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсында болуп, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















