super.kg logo

Кыргыз жаранын өлтүрдү делген экс-футболчу Михаил Рекуданов 6 жылга кесилди

 

Кыргыз жаранын өлтүрдү делген экс-футболчу Михаил Рекуданов 6 жылга абакка буюрулду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражатты кечээ, 5-декабрда жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, москвалык “Торпедо” футболдук клубунун мурунку оюнчусу 28 жаштагы Михаил Рекуданов жакынкы 6 жыл убактысын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өткөрөт.  

Акыркы сот отурумунда Рекуданов эки жаат болуп мушташып, жыйынтыгында Кыргызстандын жараны бычакталып өлгөнүн тактады. Бирок, мушташтын демилгечиси маркум жигит болгон деген пикирге таянып, кылмышкердин жазасы жеңилдетилген.

Эске салсак, окуя үстүбүздөгү жылдын 22-май түнү, түнкү саат төрттөр чамасында катталган. Анда Рекуданов жанындагы 2 досу менен такси кармап, анын айдоочусу, кыргызстандык жаран менен урушуп кеткени айтылган. Уруштун артынан мушташ чыгып, жыйынтыгында Рекуданов 1991-жылы туулган  А.Майлибаевди качып бараткан жеринен кууп жетип, бычактап салган. Алган оор жаракатынан улам кыргыз жигити ошол жерден жан берген.   






Кыргыз жаранын өлтүрдү делген экс-футболчу Михаил Рекуданов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.12.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге аз убакыт. Кеминде 16жыл болот эле. эх кыргызым кор болундуго
05.12.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит озу баштабаса керек.
05.12.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жок дегенде кылмыштыш бети ачылып 6 жыл болсо да кесилгенине шугур дейли, табылбай калганы канча, табылса да жоопко тартылбаганы канча булардын!
Медиа-портал
05.12.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birinchisinde tayakty jeptir jakwy ele,anan bychagyn suurup chykkan tura chychalap
Медиа-портал
05.12.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул окуя не болуп бутту соттолдубу супер билип бергилечи
Медиа-портал
06.12.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurmamatov,
Саламатсызбы! Толук маалыматты http://www.super.kg/kabar/news/41797/ ушул шилтеме менен кирип окусаңыз болот.
04.01.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6жыл олтурат беле ертен еле чыгып кетет акча менен кыргыздарды ким карайт ким текшерет еле кыргызым деп куйгон жакшы приздент келсе жакшы болмок еле башка олкодо елдери кандай ахвалда тушунушпойт только озун ойлошот жесем деп жесе жесин мамлекетин аяка тургузуп койуп анан чыгып кеткиче жесе да эли раазы болот еле нурсултан назарбаевга окшоп елин аяка тургузуп койуп чейбер атамбаев да алкаш ого только арак керек козу шишип шалпылдап еле журо берет елим деп куйгон приздент качан келет екен мляяяяя
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: