super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ата-энелер окуучулардын тамагы үчүн акча чогултулуп жатканына нааразы болушту

 

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө ата-энелер тарабынан окуучулардын тамак-ашы үчүн мектепте каражат чогултуп жатканын баяндаган билдирүүлөр келди.

Алардын бири Ош облусунун Өзгөн районундагы Красный-Маяк айылынын тургуну. Окурман №42 Атыр Төрөгелдиев мектебинде окуучулардын тамагы үчүн деп 250 сомдон чогултулуп жатканын айтты.

"Мектепте мамлекет каржылабайт деп окуучулардын ысык тамагына ата-энелерден 250 сомдон топтоп алышты. Билим берүү министрлигине үнүбүз жетпейт жатат", - деди окурман.

Жалал-Абад шаарынын тургунунун айтымында, №16 Э.Арапбаев атындагы орто мектепте биринчи класстын окуучуларынын ата-энелеринен ысык тамагы үчүн 500 сомдон чогултуп жатат.

"№16 Э.Арапбаев атындагы орто мектепте биринчи класстын окуучуларынан 500 сомдон ысык тамакка деп чогултуп жатат. Териштирип коёсуздарбы?" деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.09.2022. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык жерделе чогултуп атышат идиш аяка деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: